НАТО саммити башталууда

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде бүгүн баштала турган НАТО саммитинде бир топ алгачкы ишке ашырылат.

НАТО саммити башталууда

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде бүгүн баштала турган НАТО саммитинде бир топ алгачкы ишке ашырылат.

Эртең да улантыла турган НАТО мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити биринчи жолу НАТОнун жаңы штаб имаратында өткөрүлөт.

Саммит араларында түрк тик учарлары да болгон 20 аскердик тик учардын абада чыгармачылыгын көрсөтүүсү менен башталат.

Президенттик өкмөт  системасынын биринчи президенти Р. Т. Эрдоган кабинетти кургандан кийин биринчи жолу эл аралык саммитке катышат. Эрдогандын кабинетинин кээ бир ысымдар да НАТО саммитине катышат.

Башкы штабдын мурунку төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар кабинеттин «Улуттук коргоо министри» сыпаты менен биринчи жолу эл аралык саммитке катышат.

Берат Албайрак да «Казына жана финансы министри» сыпаты менен биринчи жолу саммитке катышат.

Президент Эрдоган саммиттин негизинде АКШнын президенти Дональд Трамп, Франциянын президенти Еммануэль Макрон, Британиянын премьер  - министри Тереза Мэй жана башка  бир топ НАТО өлкөсүнүн  лидерлери менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сүйлөшүүлөрдө кээ бир НАТО өлкөлөрүнүн жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГге берген колдоо жана Түркиянын Орусиядан сатып ала турган С  - 400 коргонуу ракеталары темаларынын каралышы күтүлүүдө.

Бир тараптан Президент Эрдогандын Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа Биримдигинин Комиссия төрагасы Жан Клод Юнкер жана Европа Парламентинин төрагасы Антонио Таяни менен да өз өзүнчө жолугушуу өткөрүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар