Индиялык ишкердин фирма кызматкерлери Стамбулга келе башташты

150 кишилик биринчи группа Индиянын борбор шаары Делиден түрк аба жолдоруна таандык тарифтүү учак менен Стамбулга келди.

hintli calisanlar odul icin istanbul'da2.jpg
hintli calisanlar odul icin istanbul'da1.jpg

Дүйнөнүн эң байларынын арасында көрсөтүлгөн индиялык бир ишкер фирма кызматкерлерин Стамбулда эс алуу менен сыйлаган 3 миң 500 кызматкер шаарга келе баштады.

150 кишилик биринчи группа Индиянын борбор шаары Делиден түрк аба жолдоруна таандык тарифтүү учак менен Стамбулга келди.

Группадагылар Ататүрк аэропортунда сүрөткө түшүп, видеого тартылып социалдык медиа эсептеринен бөлүшүштү. Группадагы фирманын кызматкери Кумар Никхил журналисттерге берген маалыматында бир жума Стамбулдагы бир топ тарыхый, маданий жана социалдык жерлерди кыдырышарын айтты. Никхил теңдеши жок бир маданиятка ээ Түркияга келгени үчүн кубанычтуу экендигин билдирди. «Бул фирмада иштегеним үчүн абдан кубанычтуумун. Бул жерге бизди жиберген фирмабыздын ээсине рахмат айтабыз»,- деди.

Индиянын Кашмир аймагынан келген Азхар Бхат болсо Түркияда болгондон кубанычтуу экендигин билдирди. Түркиянын абдан маанилүү бир өлкө экендигин айтакан Бхат : «Ислам өлкөлөрүн ойлогондо Р. Т. Эрдоган чоң лидерлердин арасында орун алат. Ага салам берем»,- деди.

Түркиянын географиялык, архитектуралык жана маданий байлыктарын билгендигин айткан Бхат : «Жашасын Түркия, жашасын Р. Т. Эрдоган. Бардык түрк жарандарын аны колдоого чакырам»,- деди.

Индияга таандык баш кийими менен көңүлдөрдү бурган Раманжит Сингх да Пенжаптан Түркияга келгени үчүн кубанычтуу экендигин билдирди.

Сингх Стамбулдун кооз шаар экендигин мурун тегерегиндеги кишилерден уккандыгын, абдан чоң толкундануу менен тур саякатка кошулгандыгын айтты.

Индиялык турист группа 18 -  июлга чейин Стамбулдун эң мыкты он мейманканасы да орун алган көп сандаган мейманканада калат жана түрдүү иш чараларга катышат.



Тектеш кабарлар