Эрдогандын Кипрдеги кайрылуусу

Азербайжандан Кипр аралына келген Президент Эрдоган жана ТКТРнын Президенти Мустафа Акынжы, бетме-бет жолугушуу жана иш тамагынан кийин Президенттик сарайында биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1010132
Эрдогандын Кипрдеги кайрылуусу

Расмий сапар менен Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) барган президент Режеп Таййип Эрдоган: «Кипр улуттук дообуз болуп саналат, Кипрде адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жол табылышын каалайбыз»,-деди.

Азербайжандан Кипр аралына келген Эрдоган жана ТКТРнын Президенти Мустафа Акынжы, бетме-бет жолугушуу жана иш тамагынан кийин Президенттик сарайында биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган, «Түркия, Кипр түрк калкынын чечүүчү жол табылбоосунун жабыркоочусу абалына келишине эч качан көз жумбайт, кипрдик түрктөрдүн Кипрдин рум мамлекетинде азчылык абалына келтирилишине эч качан уруксат берилбейт»,-деди.

Эрдоган, ТКТРсына эң чоң муктаждыгы болгон сууну жеткиргендерин эске салып, ушул аркылуу ТКТРсын стратегиялык жактан жогору кылып, экономикасына чоң салым кошуусуна карай абдан маанилүү кадам таштагандарын айтты.

«Алдыбыздагы мезгилде Түндүк Кипр Түрк Республикасын Чыгыш Жер Ортолук деңизде ылайыктуу борборго айландырып, киши башына түшкөн улуттук кирешени эки эсеге жеткирүү алгачкы максатыбыз»,-деп айткан Эрдоган, муну орток түшүнүк жана орток акыл менен уланта тургандарын белгилеп өттү.

Президент Эрдоган, Акынжы менен болгон эки тараптуу жолугушуусунда күн тартиптеги бир топ теманы карагандарын, Кипр маселесине чечүүчү жол табуу процессинде келип жеткен баскыч туурасында абалды талкууга алгандарын, премьер-министр Турфан Эрхүрман жана өкмөтү менен иш тамагында жолугушуу мүмкүнчүлүгүн тапкандарын билдирди.

«Кипр улуттук дообуз болуп эсептелет, Кипрде адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жол табылышын каалайбыз»,-деп айткан Эрдоган: «Биз Түрк тарабы катары бул темада акыркы 50 жылдан бери ар түрдүү аракетти жумшадык, бирок аракеттерибизге карабастан аралда кеңири чечүүчү жолду максаттаган процесстердин акыркысы Кипр конференциясынын толук бир жыл мурда натыйжа бербей калышы менен тилекке каршы соңуна чыкты. Мунун себеби болсо Кипрдин Рум тарабы өзүн аралдын жалгыз ээси сыяктуу эсептөөсүн улантышы, Кипр Түрктөрү менен саясий теңдиктин негизинде өнөктөштүк түзүүгө жана саясий күчтү бөлүшүүгө жакындабоосу эле. Арадан өткөн бир жылда румдардын бул аң-сезими тилекке каршы эч кандай өзгөргөн жок»,-деди.



Тектеш кабарлар