Вице-президент Фуат Октай жана жаңы министрлер ант беришти

Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын Жалпы кеңеши, убактылуу төрага Дурмуш Йылмаздын жетекчилигинде чогулду.

1009824
Вице-президент Фуат Октай жана жаңы министрлер ант беришти

Президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кечээ дайындалган вице-президент Фуат Октай жана жаңы министрлер Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын Жалпы кеңешинде ант беришти.

Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын Жалпы кеңеши, убактылуу төрага Дурмуш Йылмаздын жетекчилигинде чогулду.

Йылмаз ийгилик каалап вице-президент Октай жана жаңы министрлерди Жалпы кеңешке чакырды.

Дурмуш Йылмаз тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, адилет министри Абдулхамит Гүл, казына жана каржы министри Берат Албайрак менен ички иштер министри Сүлейман Сойлунун конституцияга ылайык эл өкүлдүктөрүнүн аяктаганын билдирди.

Андан соң кезеги менен вице-президент Фуат Октай, адилет министри Абдүлхамит Гүл, эмгек, социалдык камсыздоо жана үй-бүлө министри Зехра Зүмрүт Селчук, экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум, тышкы иштер министри  Мевлүт Чавушоглу, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу, казына жана финансы министри Берат Албайрак, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, маданият жана туризм министри Мехмет Эрсой, улуттук билим берүү министри Зия Селчук, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли, соода министри Рухсар Пекжан, транспорт жана инфраструктура министри Мехмет Жахит Туран ант беришти.

Жаңы министрлер, Министлер кеңешинин орундуктарынын ордуна комиссия орундуктарында отурушту.

Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын убактылуу төрагасы Дурмуш Йылмаз Жалпы кеңешти Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын төрагалыгынын шайлоосу үчүн 12-июль бершемби күнү саат 14.00дө чогулуу үчүн жапты.

 



Тектеш кабарлар