Түрк куралдуу күчтөрү Манбижде күзөт иштерин улантууда
Түрк аскери Сириянын түндүгүндө «Евфрат калканы» аймагындагы Манбиж фронт тарабында көз карандысыз түрдө 11-күзөт иштерин жүзөгө ашырды.
1008389
Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК), Манбижди террор уюму ЙПГ/ПККдан тазалоо иш-аракеттеринин алкагында райондо 11-күзөт иштерин аяктады.
Түрк аскери Сириянын түндүгүндө «Евфрат калканы» аймагындагы Манбиж фронт тарабында көз карандысыз түрдө 11-күзөт иштерин жүзөгө ашырды.
Орто эсеп менен 4 саатка созулган күзөт иштеринде, байкоо иш-чаралары да башталды.
Түрк аскери Манбиждин чек арасындагы Согар айылында террор уюму ЙПГ-ПККнын мүчөлөрүнүн жайгашкан жерлери болгон дөбөлөрдү мээлеп жарым саат бою байкады.
Тектеш кабарлар
Түркия Газага гуманитардык жардам жиберилди
Түркиядан гуманитардык жардамдарды Газага алып барган 9 - кеме Египетке жакындады.