Түркия 5-муундагы алгачкы учагына ээ болду

Түркия программанын өнөктөшү болгон F-35 долбоорунун алкагындагы алгачкы учагынын Түркияга тапшырылышы үчүн АКШнын Техас штатындагы Форт-Уэрт шаарында орун алган «Lockheed Martin» фирмасынын ишканаларында азем өткөрүлдү.

Түркия 5-муундагы алгачкы учагына ээ болду

Түркия, аз көрүнгөн, сенсор технологиялары менен жабдылган жана радар системасы сыяктуу жогорку жөндөмдүүлүктөрү менен Аба күчтөрү командирлигинин операциялык таасирдүүлүгүн арттыра турган алгачкы F-35 учагын өткөрүп алды.

Түркия программанын өнөктөшү болгон F-35 долбоорунун алкагындагы алгачкы учагынын Түркияга тапшырылышы үчүн АКШнын Техас штатындагы Форт-Уэрт шаарында орун алган «Lockheed Martin» фирмасынын ишканаларында азем өткөрүлдү.

Аземге Түркиянын Коргоо өнөр жайы кеңешчилигинин жооптуу кызматкерлери, долбоордо орун алган Түрк фирмаларынын жана «Lockheed Martin» фирмасынын жогорку рангадагы башкаруучулары катышты.

Тапшырылган алгачкы F-35 учагы, Түрк аба күчтөрү командирлигинин инвентарына кирген алгачкы 5-муундагы согуштук учак болуп саналат.

18-0001 куйрук номери менен тапшырылган алгачкы F-35 учагы учкучун окутууда колдонуу үчүн Аризонада орун алган Люк аба базасында милдеттендирилет.

Алгачкы учактан кийин алдыбыздагы күндөрдө 2-учак, 2019-жылдын март айында болсо 3чү жана 4-учак тапшырылат.

Түрк учкучтарынын билим алуусу убагында бул учактар АКШда болот.

Түркияга тапшырыла турган 5чи жана 6-учактар болсо 2019-жылы ноябрь айында бүтүрүлүшүнөн кийин түздөн-түз Түркияга келет.

Аз көрүнгөн, сенсор технологиялары менен жабдылган жана радар системасы сыяктуу жогорку жөндөмдүүлүктөрү менен Аба күчтөрү командирлигинин операциялык таасирдүүлүгүн арттыра турган  F-35 учактарынан Түркия, бир канча жылдын ичинде бардыгы 100 даана өткөрүп алууну пландап жатат.

Түркия, F-35 программасында 1999-жылдагы башталышынан бери орун алууда жана Түркиянын Коргоо өнөр жайы учактардын жасалып чыгышында активдүү ролду милдеттенүүдө.


Этикеткалар: F-35 учагы , Түркия

Тектеш кабарлар