Түркия АКШга кошумча нарк салыгын киргизди

Түркия АКШга жооп кайтарды.

996857
Түркия АКШга кошумча нарк салыгын киргизди

Темир, болот жана алюминийге АКШнын кошумча бажы салыгын киргизүү чечимине Түркиядан каршы кадам ташталды.

Экономика министри Нихат Зейбекчи АКШнын 22 товарына карай 300 миллион долларлык кошумча нарк салыгынын бүгүн күчүнө киргенин билдирди.

Менчик телеканалда АКШга карай бажы чара көрүүлөрү тууралуу маалымат берген Зейбекчи, АКШлык жооптуу кызматтагылар менен бул боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн бирок бетме-бет жолуга албагандарын айтты.

Бул теманы алар менен алгылыктуу деңгээлдеги сүйлөшүүлөр менен чечүүгө аракет кылгандарын бирок андай болбогонун түшүндүргөн Зейбекчи: «Бизге жалпы жүк катары кошумча нарк салыгынын көлөмү 260 миллион доллардай болот. Биз да АКШ товарларына 300 миллион долларлык бажы салыгын киргизүүнү чечтик. Бүгүн күчүнө кирди. 22 башка товарды камтыйт»,- деди.

 



Тектеш кабарлар