Президент Эрдоган Ронуалду күйөрманы

Президент Р. Т. Эрдоган : «Роналдубу, Мессиби?»,- деген суроого жооп берди.

Президент Эрдоган Ронуалду күйөрманы

 

Президент Р. Т. Эрдоган борбор шаар Анкарада түрк авиация жана космостук өнөр жайынын имаратынан социалдык медиа аркылуу өткөрүлгөн «Жаштар жана технология жолугушуусу» аттуу программасында жаштар менен жолугушту.

Президент Р. Т. Эрдоган Орусияда өткөрүлгөн 2018  ФИФА дүйнөлүк чемпионаты тууралуу суралган суроолорго жооп берди. Дүйнөлүк чемпионаттагы фаворити суралган Эрдоган : «Оболу Гремания деген элек бирок жаңылдык. Германия биринчи оюнда жеңилди. Бардык күчтүү командалар азыркы учурда жеңилип жатат. Германия жеңилди, Бразилиянын абалы ортодо. Мексика мыкты. Мындан кийин да ушул боюнча кетеби билбеймин»,- деди.

Аргентиналык футболчу  Лионель Месси менен португалиялык  футболчу Криштиану Роналдуну салыштырган Эрдоган Роналдунун Испания менен болгон беттшүүсүн мактады.

Португалия оюндун акырында Испания менен 3 – 3кө бабар болсо да Роналдуга суктангандыгын белгилеген Эрдоган : «Мессиби, Роналдубу? – десеңиз чындыгында Роналдуну башка көрөм. Ал оюндагы хет- трик абдан маанилүү эле. Free kick тартышылгыс. Ал оюндагы көрсөткүчү мүнөзү, ишеничи, Палестина маселесиндеги мүнөзү, булар абдан маанилүү. Ошол үчүн аны колдойм»,- деди.



Тектеш кабарлар