Түрк аскери Сириянын Манбиж аймагында күзөт кыла баштады

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Эрдоган, партиясынын Самсундагы митингде, сүйлөгөн сөзүндө Манбиждин тышкы маалаларына жайгашкан түрк аскери туурасында маалымат берди.

Түрк аскери Сириянын Манбиж аймагында күзөт кыла баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк аскеринин Сириянын Манбиж аймагында күзөт кыла баштаганын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Эрдоган, партиясынын Самсундагы митингде сүйлөгөн сөзүндө Манбиждин тышкы маалаларына жайгашкан түрк аскери туурасында маалымат берди.

Эрдоган: «Манбижден террордук уюмдар чыгып кетет дедик, чыга баштады. Күзөт кылуу окуясы башталат дедик, ал да башталды»,-деди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында жикчил террор уюму ПККга карай операцияларына да токтолгон президент, алгачкы операцияда 20 учак менен 10 маанилүү жердин, экинчи операцияда да уюмдун лидер курамынын атылганын белгилеп өттү.

Эрдоган: «Токтомой жок. 24-июндан кийин Афринди кайтарып ала тургандарын сөз кылган мыкаачыларга ал күндөрдү эч качан көрсөтпөйбүз. Биз учурда улутубуздун коопсуздук доосу үчүн күрөшүүдөбүз. Сиздин лидер курамыңыздын эч кандай дарты жок, а биздики бар. Биз жеңебиз»,-деп айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да Стамбулда Чыгыш жана Түштүк Чыгыштын даанышман адамдары жана жарандык коомдук уюмдар менен жолукканда сүйлөгөн сөзүндө, түрк аскеринин бүгүндөн баштап Манбижде кызмат өтөй баштаганын айтты.

Йылдырым, террор элементтерин тазалаш үчүн АКШ менен биргелешип иштешкендерин белгилеп өттү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Антальяда журналисттерге берген маалыматында түрк аскеринин «Евфрат калканы» аймагы менен Манбиждин арасына киргенин жана күзөт кыла баштаганын айтты.

Түрк аскеринин Манбиждин ичине да кире баштаганын белгилеген Чавушоглу: «Манбиж эң кыска мөөнөттөн кийин ЙПГ/ПККдан тазаланат. Баскыч-баскыч түрүндө максатыбыз ЙПГнын көзөмөлүндөгү жерлерди алып бакубаттыкка айлантуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар