Хулиси Акар Манбиж темасын сүйлөштү

Акар менен Кёртис Скапаротти телефон аркылуу сүйлөштү.

Хулиси Акар Манбиж темасын сүйлөштү

Башкы штабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акар менен АКШнын Европа күчтөрү жана НАТО шериктеш күчтөрүнүн командири Кёртис Скапаротти кечээ телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Сүйлөшүүдө Манбиж жол картасынын ишке ашырылышы темасы каралды.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүндө, Акардын кечээ Скапаротти менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Сириянын түндүгүндөгү учурдагы коопсуздук абал менен буга чейин макулдашылган Манбиж жол картасынын негизинде белгиленген коопсуздук принциптеринин ишке ашырылышы темаларында пикир алмашкандары белгиленди.



Тектеш кабарлар