Эрдоган менен Мемнун Хүсейин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Сүйлөшүүдө эки лидер Орозо айт майрамынан улам бири-бирилерин куттукташты.

Эрдоган менен Мемнун Хүсейин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Пакистандын президенти Мемнун Хүсейин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө эки лидер Орозо айт майрамынан улам бири-бирилерин куттукташты.

Түркия жана Пакистандын ортосундагы карым-катнаштарды дагы да күчтөнтүү темасында чечкиндүүлүктөрүн тастыктаган эки лидер, аймактык темаларга да токтолушту.

Ооганстан-Пакистан тынчтык жана көмөктөшүү боюнча иш-аракет планынын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн оң натыйжалар алынганына ыраазычылык билдирилген сүйлөшүүдө, Палестина темасында эл аралык платформалардагы колдошуунун мааниси баса белгиленди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Пакситандын президенти Мемнун Хүсейин, майрамдын Түркия жана Пакистандан баштап бүтүндөй Ислам дүйнөсү жана бардык адамзат үчүн пайдалуу болушун тиледи.



Тектеш кабарлар