Жергиликтүү автоунаа экономикага чоң салым кошот

Президент Эрдоган Твиттер баракчасынан жергиликтүү автоунаага байланыштуу көрүнүштөрдү бөлүштү.

Жергиликтүү автоунаа экономикага чоң салым кошот

Президент Режеп Таййип Эрдоган, электрдүү жергиликтүү автоунаанын 2021-жылы жолдордо болоорун белгилеп, мунун ички дүң продукцияга 50 миллиард евролук салым кошоорун айтты.

Социалдык түйүн Твиттер баракчасынан жергиликтүү электрдүү автоунаага байланыштуу көрүнүштөрдү бөлүшкөн Эрдоган, Түркиянын автоунаасынын экономикага салымдарын төмөнкүчө тизмектеди: «100гө жакын чакан сектор өнүктүрүлөт. Программалык жана санариптик технологияларды өнүктүрөт. Мунай затка болгон көз карандылыкты азайтат. Акылдуу айдоо системалары аркылуу келечектин технологияларын чагылдырат»,-деди.

Автоунаа өнөр жайынын экспорт көрсөткүчтөрү да орун алган көрүнүштөрдө 2002-жылы 4,8 миллиард доллар болгон экспорттун 6 эсе өсүп 2017-жылы 28,5 миллиард долларга жеткени, жылдык өндүрүштүн да 2002-жылы 347 миң даана болгону, 2017-жылы болсо 1 миллион 696 миңге жетип 4,8 эсе өскөнү белгиленди.

 



Тектеш кабарлар