Кылымдын долбоору ТАНАП ишке ашты

Азербайжандын жаратылыш газын Түркия аркылуу Европага ташый турган Транс Анадолу жаратылыш газ куур багытынын (ТАНАП) ачылышы кечээ жасалды.

Кылымдын долбоору ТАНАП ишке ашты
ТАНАПтын ачылышы болду
ТАНАПтын ачылышы болду

Азербайжан газын Түркия аркылуу Европага ташый турган Транс Анадолу газ кууру долбоорунун (ТАНАП) ачылышы кечээ Эскишехирде болду.

Азербайжандын жаратылыш газын Түркия аркылуу Европага ташый турган Транс Анадолу жаратылыш газ куур багытынын (ТАНАП) ачылышы кечээ Эскишехирде ишке ашты.

Эскишехирдеги аземге президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы, Сербиянын президенти Александр Вучич жана Украинанын президенти Петро Порошенко катышты.

Президент Эрдоган аземде сүйлөгөн сөзүндө, бүгүн энергетиканын «Жибек жолу» деп аталган Транс Анадолу жаратылыш газ куур багытынын (ТАНАП) ачылышын ишке ашыргандарын айтты.

«Энергияны кагылышуу эмес кызматташтык платформасы катары караган түшүнүгүбүз, ТАНАП аркылуу дагы бир жолу күчтөндү»,-деп айткан Эрдоган: «ТАНАП орток көз карашыбыздын эң акыркы жемиши. ТАНАП ошондой эле процесске киргизе турган жаңы долбоорлордун сүйүнчүсү»,-деп айтты.

ТАНАПтын башталыш көлөмүнүн жылына 16 миллиард метр куб жаратылыш газ экенин белгилеген Эрдоган, мунун 6 миллиардынын Түркияга, 10 миллиард метр кубунун болсо Европага ташыла турганын айтты.

Эрдоган ТАНАПтын көлөмүн талапка жараша алгач 22 миллиард куб метрге, аны улай кошумча инвестициялар менен 31 миллиард куб метрге жеткирүүнү максаттагандарын түшүндүрдү.

Президент, Түркиянын ТАНАП менен транзит өлкө болуудан чыгып, өндүрүшчүдөн кардарга чейин созулган баалуулук алкагынын ар бир баскычында роль ойногон орчундуу абалга келгенин кеп кылды.

Эрдоган: «ТАНАП бир гана касмыздоо коопсуздугу жагынан эмес, Каспий аймагынан Европага чейин бардык багыт боюндагы өлкөлөрдүн өнүгүү жана жумуш менен камсыздалышына салым кошот»,-деди.

Бул учурда президент Эрдоган, Европа үчүн дагы күн берип,  Грециянын чек арасына алгачкы газ тапшырылышынын 2019-жылы июнь айында ишке ашырылышын максаттагандарын айтты.

Бүгүнкү күнгө дейре диаметри эң чоң жана узундугу жагынан эң узун газ кууру болгон ТАНАПтын жалпы узундугу 1850 чакырым. Газ кууру Түркиянын Ардахан облусунан Эдирнеге жеткенге дейре 20 облус жана 67 райондон өтөт. Түтүктөрдүн 80 пайызы Түркияда жасалып чыкты, 13 миң кишиге жумуш мүмкүнчүлүгүн камсыздады.

Азербайжандын жаратылыш газын Түркия аркылуу Европага ташый турган Транс Анадолу жаратылыш газ куур багыты (ТАНАП), Түркия менен катар Европанын да муктаждыгын камсыздайт.



Тектеш кабарлар