Түркия - Грузия карым - катнашы

Грузиянын Анкарадагы элчиси Коплатадз Грузия демократиялык республикасынын курулушунун 100 жылдыгынан улам маалымат берди.

Түркия  - Грузия карым  - катнашы

Грузиянын Анкарадагы элчиси Ыракли Коплатадз өлкөсү менен Түркиянын биргелешкен проектилери стратегиялык кызматташтыкты бекемдегендигин айтты.

Коплатадз : «Баку  - Тбилиси – Жейхан нефть түтүк жолу, Баку  - Тбилиси – Эрзурум жаратылыш газ түтүк жолу, Баку  - Тбилиси  - Карс темир жолу жана 12 -  июнда Эскишехирде ачылуу аземи өткөрүлө турган Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу ТАНАП, чейрек кылымдык стратегиялык кызматташтыгыбызды бекемдеди»,- деди.

Грузиянын Анкарадагы элчиси Коплатадз Грузия демократиялык республикасынын курулушунун 100 жылдыгынан улам маалымат берди.

НАТОго талапкер өлкө жана Афганстанда НАТО мүчөсү болбогон эң чоң катышуучу катары Грузиянын НАТО  - Грузия Комиссиясынын 10  жылдыгынан улам жакындап келе жаткан Брюссель саммитинде Түркиянын күчтүү колдоосуна ишенгендигин баса белгилеген Коплатадз : «Өзгөчө Түркия Негизги НАТО  - Грузия пакети элементтерин ишке ашыруу процессине салым кошкон өлкө»,- деди.

Түркия менен Грузиянын ортосунда 2017 -  жылы кол коюлган 2017 – 2021  маданий кызматташтык программасынын негизинде коңшу эки элдин ортосундагы достуктун башка бир символу болгон Эрзурумдагы 10 – кылымдан калган Өшки чиркөөсүнүн рестоврациясынын бир канча күн мурда башталгандыгына токтолгон элчи Коплатадз : «Грузия демократиялык республикасынын курулушунан 100 жылдан кийин бүгүн да Түркиянын ырааттуулугу, коопсуздугу жана бейкуттугунун Грузиянын ырааттуулугу, коопсуздугу, бейкуттугу экендигин айтуудан сыймыктанам»,- деди.



Тектеш кабарлар