Түркия Африка материгинин өнүгүү кыймылдарына толук колдоо бергендигин билдирди

Түркия Африка материгинин өнүгүү кыймылдарына толук колдоо бергендигин билдирди.

979029
Түркия Африка материгинин өнүгүү кыймылдарына толук колдоо бергендигин билдирди

 

Тышкы иштер министрлиги Африка Биримдиги жана Африка өлкөлөрүнүн 25 -  Май Африка күнү менен куттуктады.

Министрликтен «Африка Биримдиги жана Африка өлкөлөрүнүн 25 -  Май Африка күнүн майрамдап жатабыз» деген тема менен берилген маалыматта : «Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы карым  - катнаштар күчүн тарыхый байланыштардан алгандай эле келечекке карата орток көз караштан да алып жатат. Дүйнө сахнасында барган сайын дагы көп орун алып жаткан Африка материгинин өнүгүү кыймылдарына Түркия катары толук колдоо беребиз»,- деп билдирилди.

Түркиянын Африкага болгон кызыгуусу белгиленген маалыматта : «Түркия акыркы 10 жылда чоң ылдамдыкка жетишкен Африка өлкөлөрү менен кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү, аймактык жана эл аралык платформаларда Африка менен тилектештикти көрсөтүү, Африка Биримдиги менен стратегиялык ортоктуктун негизинде активдүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аракеттерин улантат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар