Эрдоган менен король Салман сүйлөштү

Эрдоган буга чейин да бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Эрдоган менен король Салман сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдүлазиз Аль Сууд  менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктен маалымдалгандай, сүйлөшүүдө Палестинадагы акыркы абал каралды.

Газа чек арасында 62 палестиналык шейит болгон окуяларга каршы мусулмандардын бирдей мамиле көрсөтүүлөрүнүн маанисине токтолушкан президент Эрдоган менен Король Салман, Ислам Кызматташтык Уюмунун жума күнү Стамбулда өткөрө турган кезексиз жыйыны тууралуу да пикир алмашышты.

Президент Эрдоган Кувейттин эмири шейх Сабах Аль-Ахмед Аль-Жабир эс Сабах, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен Иорданиянын королу Экинчи Абдуллах жана Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мухаммед менен да ушул акакта телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болчу.



Тектеш кабарлар