Аймак калкы биздин тууганыбыз

2-Армиянын командири, генерал-полковник Исмаил Метин Темел, жекшемби күнү көзөмөлгө алынган Африн шаарынын борборунда ТККнын бөлүктөрүн иликтеп, буйруктарды берди.

934279
Аймак калкы биздин тууганыбыз

2-Армиянын командири, генерал-полковник Исмаил Метин Темел, «Зайтун бутагы» кыйылында көзөмөлгө алынган Африн шаарынын борборунда Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) бөлүктөрүн иликтеди.

Темел, жекшемби күнү көзөмөлгө алынган Африн шаарынын борборунда ТККнын бөлүктөрүн иликтеп, буйруктарды берди.

Афринде Премьер-министрликке караштуу апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) тарабынан жарандарга карай жүргүзүлгөн гуманитардык жардам иш-аракеттерин да ордунда көргөн Темелге эл жылуу мамилелерин көрсөтүштү.

Генерал-полковник Исмаил Метин Темел, эл менен баарлашып, туугандык билдирүүлөрүн айтты. «Аймак калкы биздин тууганыбыз. Түрк, күрт, араб, ажем жана бул жерлерде жашаган ар ким дос жана тууган болуп саналат»-деп айткан Темел, мунун Афринде да үлгүлүү түрдө ишке ашырылышы, тынчтык жана ынтымактуу түрдө чогуу жанаша жашалышы тилегин айтты.

«Түркия Республикасы аймакка ар түрдүү колдоону көрсөтөт»,деп айткан Темел: «Абдан кыска мөөнөттө ишке аша турган өзгөртүүлөр аркылуу Түркиянын багар көрөрү болбогондордун таянар тоосу болгонун жашаганда түшүнөсүздөр»,-деди.

Бир тараптан Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) менен Премьер-министрликке караштуу апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) кызматташтыгында Афринде террордон тазаланган 35 айылда гуманитардык жардам материалдары таратылды.



Тектеш кабарлар