Афринде Түркиянын желеги желбирей баштады

Эрдоган, Чанаккаледе 18-Март Шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале жеңишинин 103 жылдыгын белгилөө аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Африн шаарынын борборунун бүгүн 8:30дан тарта толугу менен көзөмөлгө алынганын жарыялады.

Афринде Түркиянын желеги желбирей баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда Африн шаарынын борбору Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана Эркин Сирия армиясы (ЭСА) бүгүн эртең менентен тарта толугу менен көзөмөлдү камсыздаганын айтты.

Эрдоган, Чанаккаледе 18-Март Шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале жеңишинин 103 жылдыгын белгилөө аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Африн шаарынын борборунун бүгүн 8:30дан тарта толугу менен көзөмөлгө алынганын жарыялады.

Африн шаарында эми жикчил террор уюмунун чүпөрөктөрүнүн эмес, тынчтыктын жана коопсуздуктун символдору желбиргенин белгилеген Эрдоган: «Учурда ал жерде Түркиянын желеги желбиреп турат, Эркин Сирия армиясынын желеги желбиреп турат. Баатыр мехметчиктерибизге (Түрк аскери) ырахматымды айтамын. ЭСАнын мүчөлөрүнө өзүм жана улутумдун атынан ырахматымды айтамын»,-деди.

Афринде террористтердин издерин тазалап жатканда ошол эле учурда инфраструктарысын да оңдоп аймакты жашагыдай абалга келтире турган бардык кадамдар таштала турганын белгилеген Эрдоган: «Дагы деле өлкөбүздө же башка жерлерде жашаган аймак калкынын эң кыска мөөнөттө мекенине, үйлөрүнө баруулары үчүн ар түрдүү кадамдарды таштайбыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Түрк улуту катары өткөндө Чанаккаледе кайсы толкундануу, умтулуу жана ишеним менен күрөш жүргүзүлгөн болсо, бүгүнкү күндө да чек аралардын ичинде жана тышында ошондой эле түрдө күрөштүн жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.

Террор тилкеси чынчырын азырынча 4 жерден сындыргандарын белгилеген Эрдоган, чынжырдын калган алкактарын да эң кыска убакта бир-бирден сындыра тургандарын айтты.

Эрдоган: «Чанаккаледе эмне болгон болсо учурда чек араларыбызда болуп жаткан да ошол. 58-күнүнө кирген операцияда Афринди толугу менен куткардык. Бул күрөштө эң чоң илхам булагыбыз Чанаккале жеңиши болуп саналат. Көркөмдүү зооттолгон унааларына салып дүйнөнүн төрт тарабынан чогултуп келишкен аскерлери менен эрте эле жеңишти майрамдай баштагандарга Чанаккаледе кандай таш каптырсак, чек араларыбызды бойлой террор тилкесин кургандарын ойлогондордун да ошондой эле шаштысын кетирдик»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар