Түркия S-400 моделиндеги  куралдарды НАТОнун мүчөсү болбогон өлкөлөрдөн алуу укугуна ээ

Тышкы иштер миинистри Мевлют Чавушоглу Түркиянын S-400 системаларын Сирия жана башка өлкөлөрдө колдоно албай тургандыгын айтты.

928899
Түркия S-400 моделиндеги  куралдарды НАТОнун мүчөсү болбогон өлкөлөрдөн алуу укугуна ээ

Тышкы иштер миинистри Мевлют Чавушоглу Түркиянын S-400 моделиндеги  куралдарды НАТОнун мүчөсү болбогон өлкөлөрдөн алуу укугуна ээ экендигин айтты.

Орусиянын борбор шаары Москвада Эл аралык карым  - катнаштар университетинде студенттерге кайрылган Чавушоглу Түркиянын Орусиядан S-400 ракета коргоо системаларын алуусу тууралуу : «Түркия НАТО мүчөсү, бирок биз көз карандысыз өлкөбүз. Биримдиктин башка мүчөлөрү НАТО тышындагы өлкөлөрдөн курал ала алышат. Буз да бул укукка жана эркиндикке ээбиз»,- деди. Чавушоглу Түркиянын S-400 системаларын Сирия жана башка өлкөлөрдө колдоно албай тургандыгын айтты.

S-400дөрдү бир гана Түркиянын улуттук коопсуздугу үчүн алышарын белгилеген Чавушоглу : «Бул системаларды түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында жүргүзгөн «Зайтун бутагы» операциясы же ушуга окшогон операцияларда колдоно албайбыз. Аларды бир гана жерибизди коргоо үчүн колдонобуз»,- деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Мерсинде курула турган Аккуюу атомдук күч станциясынын пайдубалынын келерки айда президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путиндин катышуусу менен түптөлөрүн айтты. Чавушоглу Эрдоган менен Путиндин аземден кийин борбор шаар Анкарага келип сүйлөшүү өткөрөрүн да белгиледи.



Тектеш кабарлар