Түрк аскери Афринде

Жок кылынган террорист санынын 3393кө жеткендиги белгиленди.

Түрк аскери Афринде

Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде  2018 -  жылы 12 -  марттан баштап Африн шаар борбору курчоого алынды»,- деп билдирилди.

Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия Армиясы Африн шаар борборун курчоого алып, түштүктөн шаар борборунан чыгып кетүүнү каалаган жарандар үчүн коопсуздук коридор мүмкүнчүлүгүн түздү.

«Чек аралар жана аймакта коопсуздук жана ырааттуулукту түзүү үчүн Сириянын түндүк батышындагы Афринде ПЙД/ЙПГ/ПКК/КЖК жана ДЕАШ террористтерин жок кылуу, дос жана бир тууган калкты террористтердин кысымы жана зулумчулуган куткаруу максатында 20 -  январда башталган операциянын улантылып жаткандыгы белгиленген маалыматта өзгөчө жок кылынган террорист санынын 3393кө жеткендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар