Премьер - министр Бинали Йылдырым Азербайжанга барат

Бинали Йылдырым Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Азербайжан Улуттук Парламентинин спикери Октай Асадов тарабынан кабыл алынат жана Азербайжандын премьер  - министри Артур Расизаде менен жолугушат.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Азербайжанга барат

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Низами Генжеви эл аралык борбору тарабынан өткөрүлө турган 6 -  глобалдык Баку форумуна катышуу үчүн эртең Азербайжанга барат.

Премьер  - министрликтин басма сөз кеңешчилигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Бинали Йылдырым  Низами Генжеви эл аралык борбору тарабынан өткөрүлө турган 6 -  Глобалдык Баку Форумуна катышуу үчүн 14 – 15 -  мартта Бакуга барат.

Сапарынын негизинде эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турган Йылдырым Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Азербайжан Улуттук Парламентинин спикери Октай Асадов тарабынан кабыл алынат жана Азербайжандын премьер  - министри Артур Расизаде менен жолугушат. Бинали Йылдырым бул жылы «Катышуучу коомдорду түзүү үчүн айырмачылыктарды азайтуу» деген темада өткөрүлө турган  6 -  Глобалдык Баку форумунун ачылышы менен «Күч : Чоң күчтөр жана башкалар» деген темада паннелде сөз сүйлөйт.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым форумга катыша турган башка чет элдик  мамлекет жана өкмөт башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, басма сөз жана иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен да жолугушат.



Тектеш кабарлар