Кытайлык туристтер Памуккалеге чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган ак травертиндери менен белгилүү Памуккалени кытайлык туристтер эң көп зыярат кылышууда.

Кытайлык туристтер Памуккалеге чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган ак травертиндери менен белгилүү Памуккалени кытайлык туристтер эң көп зыярат кылышууда.

Денизли туристтик мейманканалар коомунун төрагасы Мурат Шен Кытайда «Түркия туризм жылы» деп жарыялангандан кийин бул өлкөдөн келген турист санында өсүү болгондугун билдирди.

Кытайлыктардын Түркияда көрүүгө кызыккан жерлерден болгон Памуккаледе  комплекстердин даярдыктарынын бүткөндүгүн белгилеген Шен : «Кытайлык туристтер Памуккале, Стамбул жана Кападокияны тандап жатышат. Бул жылы аймагыбызга көп сандаган кытайлык турист келүүдө. Шаарда Кытай ашканалары кызмат кыла баштады. Конокторубузга шар турлары, төө менен кыдыруу  уюштурулууда. Кытайлык туристтер тейлөөдөн ыраазы болуу менен өлкөлөрүнө кайтышууд»,- деди.

Кытайлык туристтердин тарых жана маданият туризмине чоң маани беришкендерин айткан Шен туризмде боло турган кыймылдуулуктун эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарга да оң салым кошорун белгиледи.

Памуккалеге келген кытайлык туристтер ак травертиндердин үстүндө басып, байыркы термалдык бассейинге түшүп жатышат. Иераполис байыркы шаарын да кыдырган кытайлык туристтер шар турларына кызыгышууда.



Тектеш кабарлар