Түркиянын эң ири спорттук комплекси Бурсада

70 пайызы бүткөрүлгөн ири комплекстин быйыл ачылуусу пландалууда.

915307
Түркиянын эң ири спорттук комплекси Бурсада

Түркиядагы эң ири жабык спорттук комплекс Бурсанын Йылдырым районунда салынууда.

Жаштар жана спорт министрлигинин колдоосу жана Бурса губернаторлугунун жетекчилигинде, эл аралык мелдештер менен катар көптөгөн спорттук иш-чаралар өтө турчу «Йылдырым» жаштар жана спорт комплексинин курулушу ылдам уланып жатат.

7 миң 919 чарчы метрдик имарат аянты, 22 миң 515 чарчы метрдик курулуш аянты болуп жалпы 34 миң чарчы метрдик аянтка курулган бул жай, бүткөрүлгөндө Түркиянын эң ири спорттук комплекси болот.

Спорттун борборуна айлана турган ири комплекстин ичинде 2 миң 500 кишилик көп максаттуу спорт зал, жарым олимпик бассейн, жаштар борбору, өз алдынча машыгуучу залдар, олимпик гимнастика залы, ден-соолукту чыңдоочу зал, сейилдөөчү жана эс алуучу аянттар, акыл оюндары бөлүмү, компьютер бөлүмү, музыка бөлүмү, пластикалык өнөрлөр бөлүмү, фольклор-сүрөт бөлүмү жана фотосүрөт бөлмөсү орун алат.

70 пайызы бүткөрүлгөн ири комплекстин быйыл ачылуусу пландалууда.



Тектеш кабарлар