Вице  - премьер Хакан Чавушоглу Судан жана Сомалиге расмий сапар менен барат

Хакан Чавушоглу Севакин аралында ТИКА жасай турган жаңы бир рестоврация иштери үчүн жүргүзүлгөн даярдыктарды ордунда иликтейт.

913551
Вице  - премьер Хакан Чавушоглу Судан жана Сомалиге расмий сапар менен барат

Вице  - премьер Хакан Чавушоглу Судан жана Сомалиге расмий сапар менен барат. 20 -  февраль шейшемби күнү Суданга расмий сапар менен бара турган Чавушоглу борбор шаары Хартумда премьер  - министр Хасан Салих менен жолугушат. Чавушоглу эки күнгө созула турган сапарында Кызыл деңиз жээгиндеги Севакин аралында Түрк Кызматташтык жана Координация агенттигинин төрагалыгы ТИКА тарабынан рестоврациясы бүткөрүлгөн ханефи жана шафи мечиттери менен бажы имараттарында изилдөө жүргүзөт.

Хакан Чавушоглу Севакин аралында ТИКА жасай турган жаңы бир рестоврация иштери үчүн жүргүзүлгөн даярдыктарды да ордунда иликтейт.

Судан сапарынан кийин Сомалиге бара турган Чавушоглу бул жерде да президент Мухаммед Абдуллах Фермажу жана премьер  - министр Хасан Али Хайри менен жолугушат.



Тектеш кабарлар