Гиресун балы Италияда
Гиресун ары багуучулар биримдигинин төрагасы Кубилай Элевли Гиресун балынын Европа базарына кирерин айтты.
913714
Гиресун ары багуучулар биримдигинин төрагасы Кубилай Элевли Гиресун балынын Европа базарына кирерин белгилеп : «Гиресун балын Европа базарына ачып жатабыз. Италиялык бир фирма менен жылдык 400 тонна гүл балын экспорттоо үчүн келишимге кол койдук. Италиялык фирма биздин жардамыбыз менен Гиресундан бал алат»,- деди.
Гиресундун каштан балын да Европанын органикалык продукция базарына киргизишерин айткан Элевли : «Бул тууралуу демилгелерибиз бар. Органикалык сертификатын ала турган каштан балыбызды келишим түзгөн фирмалар аркылуу Европа органикалык базарына чыгарабыз»,- деди.