АКШга дагы бир мүмкүнчүлүк бердик, муну алар жакшы пайдаланышы керек...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Аммандагы Элчилик имаратында түрк жарандары менен жолукту.

АКШга дагы бир мүмкүнчүлүк бердик, муну алар жакшы пайдаланышы керек...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Америка бийлигине дагы бир мүмкүнчүлүк бергенин белгилеп, «АКШ муну  абдан жакшы пайдаланышы керек»,-деди.

Иорданиянын тышкы иштер министри Эймен эс-Сафединин чакыруусу боюнча борбор шаар Амманга барган Чавушоглу, бул жердеги Элчилик имаратында түрк жарандары менен жолукту.

Чавушоглу, Түркиянын чек аранын ар жагында бүгүн өзүнө коркунуч туудурган жана алдыда дагы да чоң коркунуч жаратуу потенциялына ээ болгон, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ менен күрөшкөнүн белгилеп, Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» кыймылынын ушул себептен баштатылганын эске салды.

Министр Чавушоглу: «Максатыбыз Сириянын жерлерин басып алуу эмес. Максатыбыз Сириянын чек ара бүтүндүгүн бузуу эмес. Биз, Сириянын жеринин бүтүндүгүн жана чек ара бүтүндүгүн ар кимден дагы көп колдойбуз жана жактайбыз. Биздин жашыруун күн тартибибиз жок. Бардык нерсебиз ачык жана так»,-деп айтты.

Сөзүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен борбор шаар Анкарада өткөн аптада болгон жолугушууга токтолгон Чавушоглу, Түркиянын АКШдан эми убада эмес, так кадам көрүүнү каалаганын айтты.

Чавушоглу, Тиллерсон менен жолугушуусуна байланыштуу, «Бир келишим түздүк. Дагы бир мүмкүнчүлүк бердик. Бул мүмкүнчүлүктү АКШнын абдан жакшы пайдаланышы керек. Биз чечкиндүүбүз. Биз Менбич үчүн да чечкиндүүбүз, (террористтердин) Евфраттын чыгышына чыгартылышы темасында да чечкиндүүбүз. Чек араларыбызда жана чек араларыбыздын ары жагында бизге каршы ким коркунуч туудурса туудурсун, буларды жок кылуу жагынан эч качан тайсалдаган жокпуз, эми да тайсалдабайбыз»,-деп айтты.

Түркия жана АКШнын ортосунда түзүлгөн механизмдердин алдыдагы айдын башынан баштап чогула турганын жана иштерин баштай турганын айткан Чавушоглу, буларга токтолду: «Ансыз деле бул карым-катнаштарыбыз жагынан да кудум эле акыркы мүмкүнчүлүк болчу. Же бул карым-катнаштарды жолуна салмакпыз, же болбосо бузулмак. Анткени биз, бизге каршы болгон, биздин адамдарыбызга, аскерлерибизге, полициябызга, кооспуздук күчтөрүбүзгө, жарандарга кол салган террор уюмуна колдоо көрсөткөн шериктеш көрүүнү каалабайбыз. Бул биздин эң табигый укугубуз. Улутубуздун да сезими ушундай».



Тектеш кабарлар