ПКК жана анын туундусу болгон террористтер толугу менен жок кылынышы зарыл

Террор жана коопсуздук боюнча адис Абдуллах Агар,Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТда күн тартипке сереп салды.

912915
ПКК жана анын туундусу болгон террористтер толугу менен жок кылынышы зарыл

Террор жана коопсуздук боюнча адис Абдуллах Агар, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Түркия сапарына Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТда сереп салды.

АКШдан келген ар түрдүү кызатташтык жана сунушка карата кылдат болуу керектиги темасында эскерткен Агар: «Жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГны мыйзамдуу кылып көрсөтө турган ар түрдүү кадам Түркиянын жеринин бүтүндүгүнө коркунуч болуп саналат»,-деди.

Түркияга коркунуч туудурган ПКК/ПЙД-ЙПГ менен чогуу кыймыл кылган АКШнын Сирияда Менбичти ДЕАШтан тазалагандан кийин ПКК/ПЙД-ЙПГ террористтеринин аймакты таштап кете тургандары тууралуу берген убадалары орундалбаганын баса белгилеген Агар, АКШнын тынымсыз алаксытуу тактикасына кайрылганын, мунун болсо Түркиянын унитардык түзүлүшүнө коркунуч туудурганын белгиледи.

Агар, Түркиянын коопсуздугу үчүн террор маселесинин толугу менен чечилиши керектигин сөз кылды.

Агар: «Маселе бир гана Африн, Менбич эмес, бүткүл аймактардагы ПКК жана анын туундусу болгон уюмдардын туруктуу түрдө жок кылынышынын аймактын жана Түркиянын келечеги үчүн чоң мааниси бар»,-деди.

«Материк Европасынын, АКШнын жана аймактык күчтөрдүн жалаң өз кызыкчылыгына көмөч тартканы  үчүн террор уюмун адамзаттын башына балээ кылган көрүнүшкө туш болгон абалдабыз. Бул колдоолор тууралуу негизги себепти чечмелеп, ал чындыктарды жоюга аракет кылышыбыз керек»,-деп айтты.

Афринде орто эсеп менен 300 чарчы километрдик аянттын тазаланганынын маалыматын бөлүшкөн террор жана коопсуздук боюнча адис Агар, террордук уюмдарга таандык профессионалдык куралдарды да колго түшүргөндөрүн белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар