Түрк желеги Антарктидада желбирейт

Түркиялык илимпоздор Антарктидада изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

Түрк желеги Антарктидада желбирейт

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Антарктидага түрк илимпоздорунун жөнөтүлүшүнүн Түркиянын келечектеги көз карашын, күчүн жана чечкиндүүлүгүн ортого сала турчу кадам болоорун айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Премьер-министрликтин расмий имаратында 2-Улуттук Антарктидага илимий сапар делегациясын кабыл алды.

Жабык эшик артында өткөрүлгөн жолугушуу 50 мүнөткө созулду.

2-Улуттук Антарктидага илимий сапар делегациясынын жасай турган сапарына баа берген премьер-министр: «Түркиянын желеги Антарктидада желбирегенде дос же душман, Түркиянын бир гана бул аймак менен чектелип калбаарын көргөн болот»,-деди.

Бул изилдөөлөрдүн жол башчылары жана келечектеги муундарда атынан сөз кылдырган топ катары тарыхка жазыла тургандарын белгилеген Йылдырым, изилдөөчү топтун Антарктидага барып ал жерде изилдөөлөрдү жүргүзүшүнүн жалгы гана илимий сапар болбой турганын баса белгиледи.

Йылдырым: «Антарктидада (Түркиядан) 15 миң километр алыста, ай жылдыздуу желегибиз желбирейт. Азиз мамлекетибиздин жана улутубуздун белгиси катары калууну улантат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар