Түрктөрдүн тарыхта куруп калтырган аймактарда эми ыраатсыздык үстөмдүк кылууда

Эрдоган, партиясынын Бурсадагы аялдар тармагынын кезектеги 5-Облустук конгрессине катышып, партиялаштарына кайрылды.

893666
Түрктөрдүн тарыхта куруп калтырган аймактарда эми ыраатсыздык үстөмдүк кылууда

 Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, түрктөрдүн тарыхта куруп калтырган аймактарда эми болсо ыраатсыздык үстөмдүк кылганын белгилеп өттү.

Эрдоган, партиясынын Бурсадагы аялдар тармагынын кезектеги 5-Облустук конгрессине катышып, партиялаштарына кайрылды.

Эрдоган: «Биз кайдан чыгууга аргасыз болсок, кайсы жерди таштап кетсек ал жер зулумдукка, кысымга, аягы жок ыраатсыздыкка, кагылышууларга дуушар болуптур. Түндүк Африкада, Жакынкы Чыгышта, Балкан өлкөлөрүндө кайда карасаңыз бул чындыкты көрө аласыз. Тарыхында эзүүчүлүк сыяктуу адамзат кылмышы болбогон аталарыбыз, кылымдар бою башкарган бул аймактарды жалаң куруу менен алектенип, коопсуздук жана ынтымактын кепили болуптур»,-деп айтты.

«Бирөөлөр чыгып алып сөзүм ага болсун «геноцид» кылган деп күнөөлөп жатпайбы, чындыгында акыркы кылымдын эң чоң геноцидине түрк улуту дуушар болгон»,-деп айткан Эрдоган: «Балкан өлкөлөрүнөн чыгып жатканда жарандарыбыздын өлүмдөрү 2 миллиондон ашкан, Кавказияда да эң аз ушунча жандан ажыраганбыз. 1-Дүйнөлүк соугушунда төрт тараптагы фронтторду карасаңыз жигиттерибиз үчүн кошулган кошоктор дагы деле жүрөгүбүздү опколжутат, муундан муунга өткөрүлүүдө»,-деди.

Эрдоган: «Ушул ооздон түшүрбөгөн Армян жер которуусунун себеби болгон кыргындарда жок болгон адамдарыбыздын саны «геноцид» деп айтылган сандардан бир канча эсе көп. Биз тобо кылган улут катары кайгыбызды жүрөгүбүздө көмүп, мунун пропогандасын кылбаганыбыз үчүн, тескерисинче айтымдарга дуушар болгонубуз үчүн таң калабыз. Күнөөлүү дагы, акылуу дагы дегендери сыяктуу кол салууга барган сайын дагы көп туш боло турганыбыз түшүнүктүү болуп олтурат. Кудай тааламдын уруксаты менен бардыгына бере турган жообубуз болот»,-деген серебин салды.

Армян дооматтарынын саясаттын эмес, тарыхтын темасы экенин билдирген Эрдоган: «Архивибизди ачалы дедик. Бир гана Башкы штабдагы архивибизде 1 миллион 700 миң документ бар. 1 миллиону ачылып иликтенген. Ушул күнгө дейре бул сунушту кабыл алган болгон жок. Башка дооматтар темасында да ушундай эле кылабыз. Ишенип койгула кайра эле каршыбызга чыга турган дооматтары болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар