Өзгөчө кырдаал узартылды
Өзгөчө кырдаал 6-жолу узартылды.
892104
Фетуллахчы террор уюмунун 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийин жарыяланган Өзгөчө кырдаал 6-жолу узартылды.
19-январда аяктай турган Өзгөчө кырдаалдын 3 айлык мөөнөткө узартылышы тууралуу Премьер-министрликтин уруксат документи Түркия Улуу Улуттук Межлисиндеги добуш берүү менен кабыл алынды.
Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, шаршемби күнү Министрлер кеңешинин жыйынынан кийинки маалымдоосунда, Өзгөчө кырдаалдын атуулдардын күнүмдүк жашоосуна таасирин тийгизбегенин баса белгилеген болчу.