Эрдоган - Путин сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган . Путинден Сириянын Идлиб жана Гута аймактарына жасалган кол салууларндын токтотулушунда салымын кошуусун суранды.

Эрдоган  - Путин сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган орус кесиптеши В. Путинден Сириянын Идлиб жана Гута аймактарына жасалган кол салууларндын токтотулушунда салымын кошуусун суранды. Эки лидер кечээ кечки сааттарда телефон аркылуу сүйлөштү.

Орус тарабынын талабы менен өткөн сүйлөшүүдө эки тараптуу карым – катнаштардын атомдук кызматташтыкты да камтый тургандай түрдө каралып, негизги тема Сирия маселеси болду.

Президенттик булактарынан берилген маалыматка ылайык сүйлөшүүдө президент Эрдоган Дамаск режиминин Идлиб менен Чыгыш Гутада жарандарга карата кол салуулардын эртерээк токтотулушун, Астана процесси менен Сочи конгрессинин ийгиликтүү болушу жактан мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Аккуюу  атомдук күч станциясы менен Түрк Агым проектилери жана энергетика тармактарындагы башка кызматташтыктарга да токтолушкан сүйлөшүүдө Эрдоган менен Путин карым  - катнаштарды бардык тармактарда өнүктүрүү тууралуу да чечкиндүүлүктөрүн такташты.

Эки лидер Түркия менен Орусиянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйыны жана Сочи конгрессине байланыштуу пикир алышууларда болушту.

Орусиянын мамлекет башчысы В. Путин болсо сүйлөшүүгө байланыштуу билдирүүсүндө Орусиянын Сириядагы аскердик базаларына акыркы күндөрдө жасалган кол салууларды эске салып : «Булар менен түрк аскери жана түрк өкмөтүнүн байланышы жок. Бул кол салуулардын артында кимдердин бар экендигин билебиз»,- деди.

Хмеймим базасына учкучсуз аба унаалары менен жасалган кол салуунун тыкандык менен пландалгандыгын баса белгилеген Путин максаттын Түркия да болгон бардык өнөктөштөр менен карым  - катнаштарды бузуу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар