БУУ Кудус (Иреуслаим) темасында керектүү иштерди аткарбаса тийиштүү органдарды мажбурлайбыз

Президент, Адилеттик жана өнүгүү (АК) партиясынын жетекчиси Эрдоган, АК партиянын  Ялова облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

БУУ Кудус (Иреуслаим) темасында керектүү иштерди аткарбаса тийиштүү органдарды мажбурлайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюму Кудус (Иреуслаим) темасында керектүү иштерди аткарбаса тийиштүү органдарды мажбурлай тургандарын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү (АК) партиясынын жетекчиси Эрдоган, АК партиянын  Ялова облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «БУУ, БУУнун коопсуздук кеңеши эмне керек болсо жасайсыздар. Жасабасаңыз укуктун алкагында эмне керек болсо тийиштүү органдарды мажбурлайбыз»,-деди.

Эрдоган, Израиль аскерлери тарабынан камакка алынган 14 жаштагы Февзи аль-Жуниди аттуу палестиналык баланын көздөрү байланган түрдө кармалып кеткен фотосүрөтүн көрсөтүп, 20 террорист Израиль аскеринин ал баланы ур-токмокко алып оозун жана мурдун канжалатып сүйрөп баратканын айтты.

Ошондой эле энесинин кучагындагы баланы көргөндөрүнө карабастан куралдын кундагы менен энеси урулганын айткан Эрдоган, айрыкча доун синдром менен ооруган бир балага зулумдук кылынганын түшүндүрдү.

Президент Эрдоган, акырына дейре акылууну жактап бийик үн чыгарууну, түшүндүрүүнү уланта тургандарын белгилеп, дүйнө жүзүнүн төрт тарабында кандай жаман көрүнүш бар болсо социалдык медиа тармагынан бардыгынын тең Түркияга жабыштырылып жайылтылган күндөрдү унутпагандарын айтты.

Президент Эрдоган, жалгыз эле Түркия үчүн эмес БУУнун чатыры астындагы 196 өлкөнүн толугу жана пайдасы үчүн бул чакыркты жасагандарын айтып, күн өткөн сайын дагы көп жаңырык тапканын көргөн «дүйнө бештен чоң» деген каршы чыгууларын акырына дейре бийик үн чыгарып уланта тургандарын да түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар