Жумуш менен камсыздоону арттыруучу кадамдар
Түркия үчүнчү чейректе 11,1 пайыз өсүп, ага кошумча 1.5 миллион кишини жумуш менен камсыздады
Түркия жумуш менен камсыздоону арттыруучу кадамдарын улантып жатат.
Президент Режеп Тайип Эрдоган, Бештепедеги Улуттук маданият жана конгресс борборунда өткөрүлгөн Жумуш менен камсыздоо боюнча жыйынга катышты.
Эрдоган бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, өндүрүш жана информатика секторлорун стратегиялык алдыңкы план катары белгилегендерин билдирди.
Ишкерлерге жумуш менен камсыздоону арттыруу чакырыгын салган Эрдоган, жумуш менен камсыздоого колдоо көрсөтүүчү пландарды сүйүнчүлөдү.
Келээрки жылы чакан ишканаларга айлык акы жагынан колдоо көрсөтө тургандарын сүйүнчүлөгөн Эрдоган, ишке алына турчу кызматкердин да окутула турганын айтты.
Майып демилгечилерге кайтарымсыз колдоонун артканын белгилеген Эрдоган, иштеп жаткан жаштардын жашыл паспорт колдонууну уланта тургандарын сөз кылды.
Эрдоган: «Эми 18 жаштан 25 жашка чейинки жаштарыбыз иштей баштаган учурда да жашыл паспортторун колдонууну уланта алышат»,-деди.
Эрдоган Түркиянын үчүнчү чейректе 11,1 пайыз өсүп, ага кошумча 1.5 миллион кишини жумуш менен камсыздаганын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.