Түркиядан америкалык кеңешчиге жооп айтылды

Түркия америкалык кеңешчинин айткандарын таң калтыруучу, негизсиз жана кабыл алынгыс мүнөздө экенин билдирди

867658
Түркиядан америкалык кеңешчиге жооп айтылды

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө: «АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Г. Р. Макмастердин, бир ой пикир мекемеси тарабынан кечээ Вашингтондо өткөрүлгөн жыйындагы сөз сүйлөөсүндө өлкөбүздү жана өкмөтүбүздү бутага алган сөздөрдү айтканына катуу капа болдук. Өлкөбүздүн терроризм жана радикализмдин бардык түрү менен кандай күрөшүп жатканын эң жакшы билиши керек болгон органда кызмат кылган улуттук коопсуздук кеңешчиси Макмастердин чындыкка жатпаган айтымдары таң калтыруучу, негизсиз жана кабыл алынгыс мүнөздө»,-делди.

Ошондой эле билдирүүдө: «Дос жана шериктеш катары эсептелген АКШнын өлкөбүзгө ошондой эле мамиле кылышын жана кандай болсо да ЙПГ сыяктуу террордук уюмдарды колдоосун токтотуп, салттуу шериктештик карым-катнаштарыбыз жана эл аралык мыйзамдуулукка ылайыктуу түрдө чечкиндүүлүк менен улантылып жаткан терроризмге жана радикализмге каршы күрөшүүгө так жана таасирдүү колдоо көрсөтүшүн күтүп жатабыз»,-деп айтылды.

Макмастер аты аталган сөз сүйлөөсүндө Түркиянын радикалдуу идеологияларга колдоо көрсөткөнүн айткан эле.



Тектеш кабарлар