Йылдырым - Расулзода жолугушуусу
Жолугушууда Иерусалимдин статусу жана Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммит тууралуу токтолушуп, эки тараптуу темалар каралды.
Премьр – министр Бинали Йылдырым Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги лидерлер саммитинин жыйынына катышуу үчүн Түркияга келген тажикстандык кесиптеши Кохир Расулзода менен Долмабахче сарайындагы премьер – министрлик офисинде жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Иерусалимдин статусу жана Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммит тууралуу токтолушуп, эки тараптуу темалар каралды.
Ушунун негизинде Тажикстандын 15 - июлдан кийин Түркия менен кызматташтык үчүн рахмат айтылгандыгы, эки тараптуу карым – катнаштардын бардык тармакта дагы да күчтүндүрүлүшү тууралуу башкаруунун эрки сөз болгон жолугушууда акыркы жылдарда азаюу болгон эки тараптуу соода көлөмүн 1 миллиард долларга чыгаруу максаты баса белгиленди.
Эки тараптуу карым – катнаштардын негизинде Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүм тууралуу Түркиянын жанында болууну улантышарын баса белгилеген Расулзода эки өлкө карым – катнаштарынын чыныгы потенциалына жетүү үчүн керек болгон нерсени аткарууга даяр экендерин айтты.
Тектеш кабарлар
Түркия Газага гуманитардык жардам жиберилди
Түркиядан гуманитардык жардамдарды Газага алып барган 9 - кеме Египетке жакындады.