Израиль палестиналыктарга кысым көрсөтүүсү менен түшүнүк (кабылдоо) операциясына пайдубал камдоодо

Жеке менчик бир телеканалга конок болгон Калын, келип жеткен жерде Израилдин палестиналыктарга кысым көрсөтүүсү менен түшүнүк (кабылдоо) операциясына пайдубал камдалып жатканын айтты.

Израиль палестиналыктарга кысым көрсөтүүсү менен түшүнүк (кабылдоо) операциясына пайдубал камдоодо

Презденттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын Иерусалим темасында чыгарган чечими Жакынкы Чыгыш тарыхында бурулуш жер болгонун айтты.

Жеке менчик бир телеканалга конок болгон Калын, келип жеткен жерде Израилдин палестиналыктарга кысым көрсөтүүсү менен түшүнүк (кабылдоо) операциясына пайдубал камдалып жатканын айтты.

Ибрахим Калын, бул теманын жалгыз эле арабдардын же мусулмандардын маселеси эмес экенин белгилеп, «Бул маселе Иерусалим маселеси, ал жерде христиандардын, жөөттөрдүн жана мусулмандардын тарыхый салттары бар. Иерусалим жана чөйрөсү жүздөгөн жылдар бою үч дин жанаша тынчтыкта жашаган жер болуп келген. Сиз муну  бул саясий себеп менен же бул диний себеп менен жалгыз бир динге түшүрүүгө жана жалгыз бир улуттун көзөмөлдөөсүнө берүүгө аракет кылсаңыз, барынан, мурда адилеттик принцибин жок кылган болосуз, бул болсо башка чыңалууларга алып барат»,-деп айтты.

Калын, Изариль полициясынын басып алган жерлерде палестиналыктарга күч колдонуусунун натыйжасында каза болгондорго токтолду жана жасалып жаткан провокацияга көңүл буруп, «Алардын так эле каалаган баш аламандыгы ушул. Дүйнө жүзүнө муну Палестина, араб, ислам зомбулугу деп жарыялоого аракет кылышат жана мунун үстүнөн, «биз радикал зомбулукту жактаган динчил топторго каршы күрөшкөн маданияттуу адамдарбыз» деген түшүнүктү дагы да тереңдетип берүүгө аракет кылышат»,-деди.



Тектеш кабарлар