Аралда кипрдик түрктөр «азчылык» абалына түшүрүлбөйт

Эрдоган, Грециянын «To Vima» гезитине берген маегинде кипрдик түрктөрдүн аралдын эки ээсинен бири болгонун баса белгиледи.

865291
Аралда кипрдик түрктөр «азчылык» абалына түшүрүлбөйт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кипрдик түрктөрдүн «азчылык» абалына түшүрүлбөй турганын белгиледи.

Эрдоган, Грециянын «To Vima» гезитине берген маегинде кипрдик түрктөрдүн аралдын эки ээсинен бири болгонун баса белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кипр темасында жарым кылымдан бери уланган сүйлөшүүлөрдө румдардын аралды жалгыз рум аралы катары караганына, күч бөлүшүү темасында олуттуу маселелер болгонуна көңүл бурду.

Грецияга сапарынын алкагында Грециянын президенти Прокопис Павлопулос жана премьер-министр  Алексис Ципрас менен экономикалык карым-катнаштар темасында да сүйлөшүүлөр өткөрүлгөнүн эске салган Эрдоган, эки тараптуу соода көлөмүнүн өлкөлөрдүн потенциясын чагылдыруудан алыс экенин жана муну 10 миллиард долларга жетирүүнү максаттагандарын айтты.

Эрдоган, эки өлкөнүн ортосундагы транспорт долбоорлоруна маани бергендерин шилтеме кылып: «Ушул жагынан алганда Стамбул-Салоники ылдам жүрүүчү поезд багыты, Измир-Салоники паром каттамы жана Испала-Кипи чек ара аймагында экинчи көпүрөнүн курулушу, эки өлкөнүн органдары талдап жаткан долбоорлордун арасында»,-деди.



Тектеш кабарлар