Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы Трамптын чечимине каршылык көрсөттү

Трамптын чечими тынчтыкка, бейпилдикке, коопсуздукка урулган сокку болуп саналат

863092
Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы Трамптын чечимине каршылык көрсөттү

Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш, АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары кабыл алуу чечиминин тынчтыкка, бейпилдикке, коопсуздукка урулган сокку экенин белгиледи.

Али Эрбаш өз билдирүүсүндө, Иерусалимдин бүткүл мусулмандардын жалпы маселеси экенине көңүл бурду.

Иерусалимдин статусунун жалгыз гана саясий статус катары эсептелбей турганын баса белгилеген Эрбаш: «Иерусалим кандайдыр бир өлкөдөгү бир жердин бөлүгү эмес. Мындай чечим сезимталдуулукту жоюу жана адамзаттын жүрөгүнүн сыздашына себепчи болууда. Ынтымактуу жашоо маданиятына, бейпилдикке жана коопсуздукка урулган сокку болуп саналат. Тынчтык аймагынын кагылышуу аймагына айландырылышы максатталууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар