Сочидеги Үчтүк саммит аяктады

Сириянын акыбети үчүн орчундуу мааниси болгон Сочидеги Үчтүк саммит аяктады.

Сочидеги Үчтүк саммит аяктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирандын президенти Хасан Рухани жана Орусиянын президенти Владимир Путин болуп 6 жылдан ашык убакыттан бери жарандык согуштун чеңгелиндеги Сириянын акыбетин сүйлөштү.

Үч лидер бетме-бет жолугушууларынан кийин биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында алгачкы сөздү алган үй ээси Путин, Сириянын Улуттук диалог конгрессинин өткөрүлүшү үчүн макулдашкандарын айтты.

«Сириялыктар өз тагдырларына өздөрү чечим чыгарышы керек» деген Путин: «Сириянын экономикалык жана социалдык жактан кайрадан курулуусу үчүн да пикир алмаштык»,-деди.

Орус лидер, саммиттин Сириянын жеринин бүтүндүгүн күчтөндүрө турган жыйынтыктарга себеп боло турганын шилтеме кылып, Түркия жана Ирандын кызматташтыгы менен Астана процессинин Сириянын бөлүнүп жарылуусуна бөгөт болуп, саясий чечим табуу баскычына өтүлүшүн камсыздаганын айтты.

Путинден кийин сөз алган Ирандын президенти Рухани: “Үч өлкөнүн тең Сириянын жеринин бүтүндүгү, көз карандысыздыгы жана биримдиги темасында бирдей пикирде болгонун, Сирияда тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн жакын кызматташтык кылгандарын көргөнүбүз үчүн ыраазыбыз»,-деп айтты.

 Рухани, Сириянын Улуттук диалог конгрессине өлкөдөгү бардык тараптардын катышуусу керектигин белгилеп, «Бул конгресс Сирияда жаңы конституциянын даярдалышы үчүн платформа болот»,-деди.

Рухани келечекте бул өлкөдө коопсуз жана жаңы эркин шайлоонун өткөрүлүшүнө күбө болууну ойлогонун кошумчалады.

Маалымат жыйынында акыркы сөздү алган президент Эрдоган болсо, Түркиянын кызыл чийиндерин баса белгиледи.

Жикчил террор уюму ПКК/ПЙДга шилтеме кылган Эрдоган, Сирияны бөлүүгө аракет кылган түзүлүштүн саясий чечим табууга кызмат кылышы көздөлгөн платформада Түркиянын орун албай турганын билдирди.

Эрдоган: «Террорист элементтердин процесстен чыгарылышы алдыңкы пландарыбыздан бири бойдон кала берет»,-деп айтты.

Сирияда ок атышпоо жана чыңалууну басаңдатуу аймактары темасында Астана процессинде ташталган кадамдардын пайдалуу жыйынтыктарынын көрүнгөнүн белгилеген Эрдоган, туруктуу чечүүчү жолду табыш үчүн Женева процессине шилтеме кылды.

Бул саммитте ташталган кадамдардын ийгилигинин болсо Сириядагы режим жана башка актерлорго көз каранды болгонун баса белгилеген Эрдоган, үч лидер катары Сириянын улуттук биримдиги жана жеринин бүтүндүгүн урматтагандарын тастыктагандарын айтты.

Эрдоган, Түркиянын улуттук коопсуздугуна кастык кылган террордук уюмдар менен бир үстөлгө олтура албай тургандарын да кайталап, эч ким мунун терсин талап кыла албай турганын билдирди.

Президент Эрдоган:« Сириянын жеринин бүтүндүгүнө жана саясий биримдигине берилгендигибизди  айтып жатсак, канкор банданы мыйзамдуу актер катары көрө албайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар