Чатактуу окуянын ишке ашыруу ыкмасы ФЕТӨнүн жүргүзгөн ыкмасына абдан окшош

Европа Биримдиги боюнча министр Өмер Челик,Канадада өткөн 9-Эл аралык Halifax форумунун акыркы күнүндө журналисттерге күн тартиптеги окуялар тууралуу маалымат берди.

850774
Чатактуу окуянын ишке ашыруу ыкмасы ФЕТӨнүн жүргүзгөн ыкмасына абдан окшош

Европа Биримдиги боюнча министр Өмер Челик, НАТО машыгуусундагы «Ататүрк жана Эрдоган душмандыгы» чатагы тууралуу, «Окуянын ишке ашырылуу ыкмасы ФЕТӨнүн жүргүзгөн ыкмасына абдан окшош»,-деди.

Челик, Канадада өткөн 9-Эл аралык Halifax форумунун акыркы күнүндө журналисттерге күн тартиптеги окуялар тууралуу маалымат берди.

Жемиштүү өткөн форумда АКШ менен карым-катнаштар, көч маселеси жана Жибек жолу сыяктуу маселелердин күн тартипке келгенин айткан Челик: «Ислам жана террор маселеси сөз болгондо, бул сөздөрдүн айтылбашы керектигин, террордун кандайдыр бир дин менен, Ислам менен салыштырылабашы керектиги тууралуу көп сандаган баса белгилөөгө кездештик. Бул албетте ыраазы кылат»,-деди.

Челик жыйналышта жолугуп сүйлөшкөн НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин НАТО машыгуусундагы «Ататүрк жана Эрдоган душмандыгы» чатагына байланыштуу ар бир мүмкүнчүлүктө кечирим сураганын, мындай нерсенин кабыл алынгыс болгонун белгилегенин айтты.

Ал болсо урматтабоочулуктун эч качан кабыл алынбай турганы жана кечирилбей турганы жообун бергенине көңүл бурган Челик: «Окуяны кылган жаран кызматкер жазаланышы керек»,-деди.

«Мунун буйрук башкаруу чынжыры жокпу? Мунун жетекчилери жокпу?» деген суроолорду узаткан Челик, булардын изилдениши керектигин баса белгиледи.

Челик ушундай эле жагдайлардын дагы бир жолу болбошу үчүн окуяны кылдат байкай тургандарын белгилеп өттү.

Чатактуу окуянын ишке ашыруу ыкмасынын ФЕТӨнүн жүргүзгөн ыкмасына абдан окшогонун баса белгилеген Челик: «Бардык байлыктарын Түркияга зыян тийгизүү, Түркияда бир катар терс көрүнүштөрдү пайда кылып, каралоо үчүн жумшап жатышат. Бул алардын ыкмаларына абдан окшош»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар