ТИКАдан Намбияга колдоо

Түркия Африка өлкөлөрү  менен карым – катнаштарын барган сайын арттырууда.

ТИКАдан Намбияга колдоо

Түркия Африка өлкөлөрү  менен карым – катнаштарын барган сайын арттырууда.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы ТИКА менен Walvis Bay муниципалитетинин кызматташтыгында Намбияда өткөрүлгөн  Walvis Bay медиа боюнча билим берүү программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрү сертификаттарын алды.

ТИКАдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Намбиянын Walvis Bay шаарында жаштарга кесиптик билим берүү жолу менен иш табуу – куруу деңгээлине алып келүү үчүн медиа билим берүү программасы даярдалды. Программанын негизинде 2015 -  жылдын акырында керектүү матераил жана каражаттар камсыздалды. 2016 -  жылы да  Walvis Bay муниципалитети тарабынан бөлүнгөн класста билим берүү программасы өткөрүлдү.

Программанын негизинде билим алуусун ийгиликтүү аяктаган катышуучулар азем менен сертификаттарын алды. Аземге ТИКА Windhoek координатору Абдүлкадир Абукан Walvis Bay муниципалитетинин төрагасы  Immanuel Wilfried жана бүтүрүүчүлөрдүн үй  - бүлөлөрү катышты. Бүтүрүүчүлөр камера жана башка каражаттарын камсыздоо менен ишин башташты.



Тектеш кабарлар