Орусия менен Түркиянын карым-катнаштары дагы тереңдейт...

Расмий сапар менен Орусияга барган Эрдоган, Путин менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

847008
Орусия менен Түркиянын карым-катнаштары дагы тереңдейт...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусия менен карым-катнаштардын тереңдетилиши темасында орус кесиптеши Владимир Путин менен макулдашкандарын айтты.

Расмий сапар менен Орусияга барган Эрдоган, Путин менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Саясий болгону сыяктуу экономикалык карым-катнаштардын да жогорулай баштаганын белгилеген Эрдоган, айыл чарба продукциялары жана виза чектөөлөрүнүн чоң бөлүмүнүнүн мындан мурда жоюлганына ыраазы болгонун айтып, «Саясий диалогубузга параллель түрдө экономикалык карым-катнаштарыбыз да жогорулаган абалда. Март айындагы сапары убагында айрым айыл-чарба продукцияларынын Орусияга кирүүсүнө уруксат берилиши, атуулдарыбыздын жумуш уруксаты темасында урматтуу досум Путин берген сүйүнчүлөр бизди ыраазы кылды. Арадан өткөн бир жылда эки тараптуу экономикалык кызматташуубуздун алдындагы тоскоолдуктардын жоюлушу үчүн тыгыз иштөөбүздү уланттык»,-деп айтты.

Түркиядан Орусияга айыл чарба продукциялары темасындагы акыркы чектөөлөрдү да жоюу сунушун кылган Эрдоган: «Мурда 100 миллиард доллар деп жарыялаган максатка жетиш үчүн ишкерлерибиздин алдындагы виза менен катар бардык тоскоолдуктарды жоюшубуз керек.  Визадан бошотуу режиминин мурдагы абалына келтирилиши маанилүү болуп олтурат. Бир тараптан бүгүнкү күн тартибибизде абдан маанилүү «Түрк агымы» мунай газ кууру жана «Аккую» атомдук станциясы темасындагы кызматташтыгыбызга баа берүү жасадык. Бул долбоорлордун убагында аткарылышына абдан чоң маани берүүдөбүз»,-деди.

Орусия менен маданият жана туризм тармагындагы карым-катнаштарды дагы илгерилеткиси келгендерин айткан Эрдоган: «Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 9 айында 4 миллиондон ашуун орус туристи өлкөбүзгө келет. 2019-жылы эки жактуу түрдө уюштурула турган маданият жылы бул аракеттерибизде маанилүү болот»,-деди.

Жолугушууда аймактык жана эл аралык темаларды да күн тартипке алып чыккандарын белгилеген Эрдоган: «Сирияга "Астана" жолугушуулары жана чыңалууну басаңдатуу темасында маанилүү салымдарды коштук. Келип жеткен жерде саясий чечим табууга токтоло турган жерге жеттик»,-деп айтты.

Коргоо өнөр жайында биргелешип таштала турган кадамдарга абдан маани бергендерин баса белгилеген Эрдоган, Путин жана башка орус жетекчилерине меймандостугу үчүн ырахматын айтты.

Үй ээси Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин болсо, эки тараптуу карым-катнаштардын 2015-жылдагы учак кризисинен (чек араны бузган Орусиянын согуштук учагынын Түркиянын F-16лары тарабынан атып түшүрүлүшү) мурдагы деңгээлге жеткенинин эң маанилүү көрсөткүчүнүн улам арткан соода көлөмү болгонун баса белгиледи.

Путин: «Үстүбүздөгү жылдын акырына чейин өткөн жылда болгон боштукту толтурабыз. Эрдоган менен жетишкен келишим боюнча Түркиядан айыл чарба продукцияларынын импорттолушу кайра башталат. Калган чектөөлөрдүн жоюлушу тууралуу иштерди бүгүн күн тартипке чыгардык»,-деди.

Путин, энергетика темаларында да эки өлкөнүн кызматкерлеринин пикирлерин алгандарын белгилеп, стратегиялык кызматташтыкка баа берилгенин белгиледи. Орус лидер, «Түрк агымы» жана «Аккую» атомдук станциясы долбоорлорунда келип жеткен баскычтын да сүйлөшүлгөнүн айтты.

Эрдоган менен Сирия кризисинин чечилиши да бул өлкөнүн эгемендиги жана жеринин бүтүндүгүнүн алкагында каралганын белгилеген Путин, бардык аймактык темаларда пикир алмашкандарын маалымдады. Сириядагы маселелердин чечилишине карата «Астана» процессинин кепил өлкөлөрү катары Орусия, Түркия жана Иран болуп иштердин ийгиликтүү уланганын баса белгилеген Путин: «Иштерибиз ийгиликтүү уланат. Бул аркылуу Сирияда күч колдонуу азайды. Урматтуу Эрдоганга эффективдүү иштеринен улам ырахмат айтамын. Жолугушууларыбыз эми көнүмүшкө айланды. Бул жолугушуулар сериалуу түрдө бюрократиядан алыс чынчыл атмосфеарада уланууда»,деген серебин салды.

Энергетика тармагында стратегиялык кызматташтык темасын тийиштүү министр жана мекемелердин башчылары менен бирге карагандарын айткан Путин: «Бул жерде барынан мурда (Орус газын Европага ташый турган) «Түрк Агымы» долбоорунан сөз кылышбыз керек. Түркияда «Аккую» атомдук станциясынын курулушу тууралуу ар дайым иштер баштала алат»,-деди.

Владимир Путин сөздөрүн Эрдоганга ырахмат айтып бүтүрдү.



Тектеш кабарлар