Эрдоган Аныткабирдеги атайын дептерге кол жазмасын калтырды

Эрдоган жазуусунда : «Ататүрктүн бизге калтырган эң негизги мурастарынын бирөөсү болгон Түркияны өнүккөн цивилизация деңгээлине жеткирүү максатында күн – түн дебестен иштөөнү улантуудабыз",- деди.

Эрдоган Аныткабирдеги атайын дептерге кол жазмасын калтырды

Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн өлүмүнүн 79 жылдыгынан улам өлкөдө эскерүү аземдери өткөрүлүүдө. Борбор шаар Анкарадагы эскерүү аземдеринин биринчи адреси жыл сайын болгондой эле бул жылы да Аныткабир болду. Мамлекеттин жогорку кызматкерлери Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбар коюшту.

Президент Р. Т. Эрдоган Аныткабрдин атайын дептерине кол койду. Эрдоган дептерге : «Өлүмүнүн 79 – жылында Боштондук согушубуздун улуу командири, республикабыздын негиздөөчүсү, алгачкы президентибиз Гази Мустафа Кемал Ататүрктү дагы бир жолу урмат  - сый менен эскеребиз»,- деп жазды.

Эрдоган жазуусунда : «Ататүрктүн бизге калтырган эң негизги мурастарынын бирөөсү болгон Түркияны өнүккөн цивилизация деңгээлине жеткирүү максатында күн – түн дебестен иштөөнү улантуудабыз. Тынч жатыңыз»,- деген саптарга орун берди.



Тектеш кабарлар