10 - Ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү

Бүгүн Түркия республикасынын куруучусу жана алгачкы президент  Мустафа Кемал Ататүрктүн арабыздан кеткен күнү.

10 -  Ноябрь Ататүрктү эскерүү күнү

Бүгүн Түркия республикасынын куруучусу жана алгачкы президент  Мустафа Кемал Ататүрктүн арабыздан кеткен күнү. Бул күнү аны дагы бир жолу урмат – сый жана сүйүү менен эскеребиз.

Чакаккале согушунда көрсөткөн ийгилиги менен көңүлдөрдү бурган Мустафа Кемал 1 -  Дүйнөлүк согушунун акырында Осмон империясынын жеңилиши жана өлкөнүн территорияларынын жеңген өлкөлөр тарабынан басылып алына башташы менен түрк улутуна жол башчылык кылып Боштондук согушун баштады. Бул күрөштүн ийгиликке жетиши менен Лозаннада ишке ашырылган Тынчтык келишиминин акырында Түркия руспубликасы курулду жана Мустафа Кемал биринчи президент болду. Андан кийин Ататүрк фамилиясын алган лидер төңкөрүш жана реформалары менен заманбап коомдун пайда болушуна абдан чоң салымын кошту. Дагы бир жолу Мустафа Кемалды урмат сый менен эскеребиз.



Тектеш кабарлар