ТРТ жети сыйлыкка татыктуу болду

Жылдын радиосу сыйлыгын  ТРТ Түрк алды.

ТРТ жети сыйлыкка татыктуу болду

Эл аралык радиочулар биримдиги тарабынан өткөрүлгөн «9 – алкышка татыктуулар» сыйлыгы ээлерине тапшырылды. Түркия телекөрсөтүү жана радио мекемеси ТРТ 7 сыйлыкка ылайык көрүлдү. Жума күнү кечинде ТРТ 1 экрандарынан берилген «Пайитахт Абдүлхамит» жылдын сериалы болуп тандалды. Сыйлыкты ТРТ1 каналынын координатору Куртулмуш Зейдан алды. Жылдын радиосу сыйлыгын  ТРТ Түрк алды.

Жума ичинде күн сайын кечинде ТРТ1 кабарлары менен эфирге чыккан Зафер Кираз жылдын мыкты эркек диктору сыйлыгын алды. Жылдын мыкты аял диктору сыйлыгына ТРТ Хабердин диктору Сермин Ата ылайык көрүлдү.

ТРТ берген программалары менен да өз айырмачылыгын ортого салды. ТРТ1де берилген 1Жакшылыктын клубу» программасы жылдын мыкты программасы болду.

ТРТ Хабер экрандарынан берилген «Анадолу сурайт» деген программа мыкты саясий программа, «Же болбосо» программасы да жылдын мыкты кабар  - даректүү фильм тармагында сыйлыкка ылайык көрүлдү.



Тектеш кабарлар