Виза кризиси убактылуу

АКШ менен Түркия көптөгөн темада бири-бирине муктаж

Виза кризиси убактылуу

Вице-премьер Мехмет Шимшек АКШ менен болуп жаткан виза кризисинин убактылуу экенин белгиледи.

Мехмет Шимшек Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктын жыйындарына катышуу үчүн барган АКШнын борбор шаары Вашингтонгдо, алгач Американын Соода палатасында Түрк мурас фондунун дискусссиясында сөз сүйлөдү.

Түркиянын экономикада көптөгөн реформаны ишке ашырганын жана дүйнөдөгү эң чоң 13чү экономика экенин айткан Шимшек, сөз сүйлөөсүндө виза кризисине да токтолуп: «Түркия көз карандысыз жана намыстуу өлкө. Американын виза чечимине албетте ошондой эле жооп кайтарылмак жана жооп кайтарылды»,-деди.

АКШ менен бардык дос өлкөлөрдөн эмпатия күткөндөрүн айткан Шимшек, байланыш, диалог жана түшүнүүнүн шарт экенин белгиледи.

АКШ менен Түркиянын көптөгөн темада бири-бирине муктаж экенин баса белгилеген вице-премьер, байланыш каналдарынын ачык болушу керектигин билдирди.

Мехмет Шимшек виза кризисинин жакында чечилээрин күткөндөрүн да белгиледи.



Тектеш кабарлар