Президент Р. Т. Эрдоган Мадурону азем менен кабыл алды

Аземден кийин эки лидер жекеме  - жеке сүйлөшүүгө өтүштү.

Президент Р. Т. Эрдоган Мадурону азем менен кабыл алды

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро расмий сапар менен Түркияда.

Президент Р. Т. Эрдоган Мадурону президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алды. Тосуп алуу аземинде оболу эки өлкөнүн улуттук марштары аткарылды. Андан кийин Мадуро аскерлерге салам берди.

Эки лидер бири бирине делегацияларын тааныштырды. Аземде тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу азык  - түлүк, айыл  - чарба жана мал  - чарбачылык министри Ахмет Эшреф Факыбаба, экология жана шаарчылык министри Мехмет Өзхасеки да орун алды. Аземден кийин эки лидер жекеме  - жеке сүйлөшүүгө өтүштү.

Жолугушууда эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге аймактык темалар да каралууда. Андан кийин делегациялар аралык сүйлөшүүгө өтүлөт. Андан кийин Эрдоган менен Мадуро биргелеше пресс  - жыйын өткөрөт. Ошол эле учурда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жетекчилигинде Түркия  - Венесуэла кызматташтык комиссиясынын экинчи жыйыны да өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар