Йылдырым Ирактан чакыруу келгенин жарыялады

Премьер-министр Бинали Йылдырым, журналисттерге маалымат берди.

Йылдырым Ирактан чакыруу келгенин жарыялады

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибадиден сапар жасоо сунушун алгандарын жарыялады.

Анкарада жума намазынан чыкканда журналисттерге маалымат берген Йылдырым, Ибадинин чакыруусунун мазмуну жана убагы туурасында иштеп жаткандарын айтты.

Ирактын Башика лагеринде түрк аскерлеринин болушу жөнүндө да маалымат берген Йылдырым: «Башикадагы аскерлерибиз ДЕАШ менен күрөшүүгө катыша тургандарды машыктыруу үчүн ошол жерде. Ирак да ДЕАШ менен күрөшүп жатканына караганда, бул жерде машыктырылган Нинова сакчылары да ушул иште маанилүү милдетти аткарганына караганда арабызда бул теманын маселе туудурбашы керектигин ойлоодобуз»,-деп айтты.

Түркиянын террор менен таасирдүү күрөшүп жатканын баса белгилеген Йылдырым: «Бул темада Ирак өкмөтү менен абдан жакын кызматташтык кылышыбыз керек. Биз тараптан кабыл алынгыс болгон Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентябрдагы мыйзамсыз көз карандысыздык референдумунан кийин эми биз Ирак өкмөтү менен карым-катнаштарыбызды өнүктүрө турганыбызды ойлоодобуз»,-деди.

Йылдырым: «Ирак менен биздин аскерлерибиз биргелешкен машыгуу өткөрүшүүдө. Мындан башка дагы көрүлө турган чараларыбыз бар. Даярдыктары бүткөндө булар да баскыч-баскыч түрүндө процесске кирет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар