Стамбул эң көп турист тарткан 10чу шаар

Быйыл эң көп турист тартаары күтүлгөн алдыңкы 30 шаар белгиленди

Стамбул эң көп турист тарткан 10чу шаар

Стамбул эң көп турист тарткан 10чу шаар болду.

АКШдагы эл аралык финансылык Мастеркард компаниясы жарыялаган 2017-жылдагы дүйнөлүк көздөлгөн шаарлар индексинде, быйыл эң көп турист тартуусу күтүлгөн алдыңкы 30 шаар белгиленди.

Тизмеде 10чу орунду ээлеген Стамбулдун 2017-жылы орто эсеп менен 9 миллион 24 миң туристти тосуп алуусу күтүлүүдө. Бул сан өткөн жылы 9 миллион 6 миң эле.

9 жылдан бери жарыяланып келген бул отчет, жалпы эл аралык туристтердин саны, чек арадан өтүүлөр, туристтердин көздөгөн шаарларда сарптаган каражаттар жана жүргүнчү санындагы өзгөрүүлөр эске алынып даярдалууда.

Отчетто өткөн жылы эң көп чет элдик туристтерди тосуп алган 30 шаардын тизмегинде Таиланддын борбор шаары Бангкок биринчи орунда турат.

Андан кийин катары менен  Англиянын борбор шаары Лондон, Франциянын борбор шаары Париж, Бириккен Араб Эмирликтеринин эң чоң шаары Дубай жана Азиянын чоң шаары Сигапур турат.



Тектеш кабарлар