Бир түнү капыстан кирип келебиз

Эрдоган, Ирактын күрт аймактык башкаруусу (ИКАБ) өткөрүп жаткан мыйзамсыз референдумунан мүмкүнчүлүктөн пайдалануу жыттанып жатканын айтты.

813730
Бир түнү капыстан кирип келебиз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирактын күрт аймактык башкаруусу (ИКАБ) өткөрүп жаткан мыйзамсыз референдумунан мүмкүнчүлүктөн пайдалануу жыттанып жатканын айтты.

Стамбулда эл аралык Омбудсмандык жыйналышында сөз сүйлөгөн Эрдоган: «ИКАБдын референдум өткөрүү чечими, Ирактын туш болгон абалы эске алынганда буркураган мүмкүнчүлүктөн пайдалдалануу жыттанып жаткан иш-аракет. Бул референдум кабыл алынгыс. Эң кыйынчылык тарткан убактарында аларды колдодук. Ал аймак жалгыз гана бир уруунун жашоо аянты эмес. Элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы кандай болсо да жокко эсе, мыйзамсыз»,-деди.

Куралдуу күчтөрдүн Силопиде уланган машыгуусуна да шилтеме кылган Эрдоган: «Бул керектүү кадамдар бекер ташталган жок. Учурда Иран ошондой эле абалда. Чек аралардан учурда Ирак тарабына гана өтүүгө уруксат бар. Бул аптада калган кадамдарды да жарыялайбыз. Кирип чыгуулар жабылат. Мындан кийин Түндүк Ирак башкаруучулугу мунай затын кайсы каналдар менен кайда агызып, сатат. Ачкыч бизде. Жапкан учурдан тартып ал иш да бүтөт»,-деп эскертти.

Эрдоган, ИКАБдын лидери Месут Барзанинин аймакты өз көзөмөлүнө алууга аракет кылуусунун, көп жылдарга созула турган жаңы кагылышуунун, жаңы кайгылардын, жаңы зулумдуктардын, жаңы кыргындардын кабарчысы болуудан башка түшүнүккө ээ болбой турганын белгилеп, «Сирияда да террор мамлекети курулуусуна уруксат бербейбиз. Түндүк Сирияда (жикчил террор уюму ПККнын уландысы) ПЙД, мамлекет курат имиш. Булардын бардыгы тең алар үчүн куру кыялдануу болот. Бир түнү капыстан кирип келебиз дебедимби. Муну (өткөн жылдагы Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясы) «Евфрат калканы» операциясында кылдык. Бардык альтерантивалар алдыбызда, үстөлдө турат. Керек болгон учурда Иракта да ушундай түрдөгү кадамдарды таштоодон баш тартпайбыз»,деп эскертти.



Тектеш кабарлар